Маалыматка караганда, медиктер аталган портал аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууга билдирме жөнөтүп, өткөрмө, тамак-аш, эмгек акы өңдүү жумушундагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип турушат.
http://med.tunduk.kg дареги боюнча жөнөтүлө турган ар бир билдирме өзүнчө каралат. Анда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү мөөнөтүн ыкчам штаб аныктайт.
19-апрелге карата өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 554кө жетти, алардын 154ү медицина кызматкерлери.