Билдирүүдө Сауд Арабия Королдугунун Ажылык жана умра министрлиги Өзбекстанга кайрылып, пандемияга байланыштуу 2020-жылдагы ажылык сапарга даярдыкты токтото турууну өтүнгөнү айтылат.
Буга байланыштуу Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык сапарга бара турган жарандардын кезеги сактала турганын маалымдады.
Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды, 83 адам көз жумду.