Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары фонддун эсебинен Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке 22,3 миллион доллар, коомдук жайларды дезинфекциялоого, карантиндик борбордун кызматкерлерине айлык төлөөгө жана дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө 9 миллион доллар бөлүнгөн. 12 миллион доллардан ашык каражатка тест-системалар, реагенттер жана башка коргонуу каражаттары сатылып алынган.
Ошондой эле антикризистик фонддон социалдык тармакка, анын ичинде жумушсуз жарандарды убактылуу иштерге тартууга 5 миллион доллар, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 3 миллион доллар, социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 2,5 миллион доллар бөлүнгөн.
15-апрелге карата антикризистик фондго жалпысынан 158 миллион доллар топтолду. Бул сумманын 98,8 миллион доллары эл аралык каржы институттарынан алынган насыяларды түзсө, калганы мамлекеттик бюджеттин эсебинен толукталган.