Бир сутка ичинде дагы 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бишкек, 16.04.2020. Sokol.mediа  

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды. Бул тууралуу брифингде  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев билдирди. Ошондой эле ал:

«Медицина кызматкерлери жеке коргоочу каражаттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча окутулганбы жана алар кантип жок кылынат?«,-деген суроого «Биздин жугуштуу оорулар адистерибиз, эпидемиологдор медицина кызматкерлерди аралыктан окутууну ишке ашырып жатышат. Мындан тышкары, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана Кыргызстандагы Кызыл жарымай коомунун колдоосу менен медиктерге окутуучу маалыматтык материалдар басылып чыгарылып, таратылып берилген»,- деп жооп берди.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *