Медицина кызматкерлери инфекцияны жуктуруп алуусунун себеби эмнеде?

Бишкек, 15.04.2020. Sokol.mediа 

Бүгүнкү онлайн-брифингде «Медицина кызматкерлери инфекцияны жуктуруп алуусунун себеби эмнеде?»,- деген  суроо берилгенде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев төмөндөгүдөй жооп берди:

«Дагы бир жолу кайталап кетейин, медицина кызматкерлерине жуккан инфекция боюнча эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. COVID-19 инфекциясында жуктуруу деӊгээли – эң жогорку. Дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешет, ошондуктан алар дагы вирусту жугузуп алууда. Биз алардын коопсуздугу үчүн чараларды көрөбүз. Бүгүнкү күндө чек аралар ачылып, жеке коргонуу каражаттары гуманитардык жардам катары келе баштады. Жүктөр кандай келери менен биз аларды дароо инфекция жуккан бейтаптарды дарыланып жаткан уюмдарына жөнөтөбүз», — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда 98 медкызматкер COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган:
Бишкек ш. – 33
Ош ш. – 28
Жалал-Абад облусу – 8
Ош облусу – 20
Баткен облусу – 2
Чүй облусу – 1
Нарын облусу – 6

📌 Алардын ичинен:
Дарыгерлер – 27
Орто медперсонал – 43
Кенже медперсонал – 23
Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *