Бишкекте дагы 5 адамдан коронавирус табылды. 15-апрелде жалпы жаңы 19 адам ооруганы аныкталды

Бишкек, 15.04.2020. Sokol.mediа
2020-жылдын 15-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган дагы 19 адам аныкталды. бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаны жуктургандар:
➖Бишкекте – 5
➖Ошто – 12
➖Ош облусунда – 2
Алардын ичинен 14 аял, 5 эркек.
Ошону менен жалпы 2020-жылдын 15-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы адамдардын саны 449 адамга жетти. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош ш. – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.
——————————-