Бүгүнтөн тарта Коменданттык саат 2 саатка кыскартылды

Бишкек, 15.04.2020. Sokol.mediа
Бүгүнтөн тарта Коменданттык саат 2 саатка кыскартылды, эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Ал эми Бишкек шаарында жалпы 1863 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузган.
“Бишкекте ӨА кирген мезгилде 25-марттан 15-апрелге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузган жалпы 1863 адам кармалды. Алардын ичинен 1622 эркек жана 241 аял. Анын катарында 13 жашы жете элек жана 50 чет өлкөлүк жаран бар. Ошондой эле айып унаа токтотуучу жайга 156 автоунаа коюлду”, — деп билдирди Бишкектин коменданты А.Орозалиев.