Алматы ооруканасынын башчысы медиктер жапырт вирус жуктуруп алгандан кийин кызматтан кетти

Бишкек, 15.04.2020. Sokol.mediа 

Алматы шаардык борбордук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Жувашев өз каалоосу менен кызматтан кетти.

«Жетекчи жумуштан бошоду, ал иштеген жерде дээрлик 200дөй кызматкер ооруп жатат. Ал кемчилигин сезип, өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды», —деди Алматы шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгынын башчысы Тлеухан Абилдаева.

Буга чейин Алматыдагы шаардык клиника карантинге жабылганы белгилүү болгон. Карантиндеги ондогон дарыгерлер директор жумуштан бошогондон кийин аны кайра ордуна алып келүү талабы менен бийликке видеокайрылуу жолдошту.

Расмий маалыматтарга караганда, ооруканада 182 кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *