Кыргызстанда COVID-19 дан дагы 4 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандар 71 адамга жетти

Бишкек, 14.04.2020. Sokol.mediа 

Кыргызстанда COVID-19 дан дагы 4 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандар 71 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, — деди Үсөнбаев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *