Кыргызды “мырксыңар” деген кыз 15 күнгө №1- СИЗО го камакка алынды

Бишкек, 14.04.2020. Sokol.mediа
Кыргызды “мырксыңар” деген кыз 15 күнгө №1- СИЗО го камакка алынды. Бул чечимди
Бишкектеги Октябрь райондук соту чыгарды.
Ал кыз 1997-жылы туулган К.К., аттуу жараан болгон.
Эске салсак, 11-апрель күнү маскасы жок жүргөн кызды Октябрь районунун милиция кызматкерлери көчөдө бет кабы жок жүргөн кызды токтотушкан. Бирок ал кыз оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кыргыз элин “мырктар” деген.