Карантин бүткөнгө чейин кайсы жайлар иштебейт?

Бишкек, 14.04.2020. Sokol.mediа
Карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси:
— балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
— мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;
— оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.
Азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат.
Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб