Караколдогу зоопарк жардамга муктаж болууда (видео)

Бишкек, 14.04.2020. Sokol.mediа 

Караколдун зоопаркындагы 150дөн ашык жаныбар ачка калышы мүмкүн. Зоопарктын директору Салтанат Сеитованын айтымында, азыр жаныбарлардын абалы жакшы, баары кыштан аман-эсен чыгышкан. Бирок азыркы тапта зоопарк колдоого муктаж.

«Азыр жалаң эле Кыргызстандагы эмес, дүйнө жүзүндөгү абалга байланыштуу дээрлик бардык зоопарктар оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Анын арасында өлкөдөгү жалгыз зоопаркыбыз да бар. Жаныбарлар ачка калышы мүмкүн. Азыр ачка эмес, абалы жакшы. Биз алдын-ала элден жардам суроого мажбур болуп турабыз», — деди ал.

Сеитованын айтымында, зоопаркта браконьерлерден жана экзотикалык канаттууларды сүйүүчүлөрдөн куткарылган жаныбарлар да багылат.

«Алардын арасында былтыр Таласта табылып, эки көзү көрбөй калган ак илбирс да бар. Буга чейин браконьерлерден алынган көзү көбөгөн сүлөөсүн, бутунан жаракат алган түлкү багылган», — деди ал.

Зоопарктагы жаныбарлардын бир айлык тамагын камдоого (кошумча витаминдерден сырткары) орточо эсеп менен 500 миң сом керектелет. Бул жердеги жырткыч жаныбарлар айына 2-2,5 тонна эт жейт. Ал эми бир кыштан чыгыш үчүн 3,5-4 миң таңгак чөп, жемден 10 тоннадан ашык алынат.

Азыр зоопаркка чөп, эт, сабиз, капуста, жем, жашылча-жемиш керек болуп турат. Мындан сырткары, каражаттын тартыштыгынан улам жаныбарлар кармалып турган вольерлер да оңдоп-түзөөгө муктаж.

Сегиз адам тейлеген зоопаркка жаныбарларды көбүнчө Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан алып келишет. Сеитова жаз айларында жер которуп, уча албай калып калган айрым канаттууларды көп алып келишерин айтты. Каракол шаарындагы зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын жыйырмадан ашык түрү бар.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *