Жек Манын гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары, Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди

Бишкек, 13.04.2020. Sokol.mediа 

Жек Манын гуманитардык жардамы эки шаар, үч районго берилди. «Алибаба» электрондук соода аянтчасынын түптөөчүсү,
кытайлык миллиардер Жек Манын кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди. ««Алибаба» корпорациясынан келген медициналык каражаттардын калганы — беткаптар, коргоо кийимдери, термометрлер гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча Саламакттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия аркылуу бөлүштүрөт. Алар кайсы жерде керек болсо ошол жерге берилет», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

20 млн. сомго бааланган медициналык каражаттар, анын ичинде бир жолу колдонуучу беткаптар, коргоочу кийим жана термометрлер Кыргызстанга 10-апрелде келген. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жүктү жеткирүүгө кеткен чыгымды да «Алибаба» компаниясы өзү көтөргөнүн билдирди.

Жек Манын кайрымдуулук фонду мындай жардамды Борбор Азиядагы жети мамлекетке берди.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *