Бишкекте коменданттык саат учурунда терминалды уурдап кеткендер кармалды

Бишкек, 13.04.2020. Sokol.mediа 

 Бишкекте коменданттык саат учурунда аялдамадагы терминалды уурдап кеткендер кармалгандыгы  тууралуу Бишкек шаардык комендатурасы билдирди.

Маалыматка таянсак, 6-апрель күнү Свердлов РИИБне Т.Б. аттуу жаран кайрылылган. Анда ал Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан аялдамадагы терминалды уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү суранган.  Терминалдын ичинде 61 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты болгон жана терминалдын өзүнүн баасы 1500 доллар болгон.

Аталган факт “Уурулук” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Натыйжада Свердлов РИИБдин криминалдык милициясы тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалган.

Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси да текшерилет.

Уурулукка шектелип кармалгандар учурда Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *