Балбак Түлөбаев: Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп, барсак келдиңерби чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз деп атышат

 Бишкек, 13.04.2020. Sokol.mediа 

Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп, барсак келдиңерби чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз деп атышат!

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев фесбук баракчасына жазды:

«Урматтуу достор!

Калайык акыркы күндө баарыбыз элдин көйгөйүн чечели деп чуркап жүрөбүз.

Түнкү 02 чейин жазгандарыңарга жооп берип атабыз.

Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш келип ататбыз.

Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп атат. Үйүнө барсак келдиңерби чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз деп атышат. Дагы башка толгон токой шылтоолор. Эч нерсе эмес чыдайбыз, бирок сиздер башка жардамга муктаж элдин акысын жеп атасыздар. Алардын зар муңуна кантип жооп бересиздер. Жок дегенде ушул кыйын убакта тамашаны, сыноону кое туралы.

Эми ушундайларды видеого жана сүрөткө тартып элге чыгарабыз», —деп жазган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

1 комментарий

  1. Индира:

    Саламатсызбы Балбак байке ? Ишиниздерге ийгилик ,Ушундай оор кырдаалда элибизге колдоо корсотуп жатасыз Аллахым сизди колдосун.
    Ошол колунда бар адамдар жардамга муктаж карылар уйу ,балдар уйу, мумкунчулугу чектелгендердин борборлору бар экенин билеер бекен ,ошол жерлерге барып оз козум менен коруп басып туруп жургонумо шугур келтирем .Туугандар мындай кыянатчылыка барбайлы Аллахым баарыбызды таразалап койот.
    Дагы бир жолу сизге жана сиз менен кого жургон коллегаларынызга чон рахмат .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *