7 себеп. Таласта эмнеге вирус жуктургандар жок экендигин эл айтып берди

Бишкек, 13.04.2020

Талас облусунда коронавирус жуктурган адамдар аныктала элек. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жергиликтүү тургундардан мунун себептерин сураштырып чыккан.

Көпчүлүк ар кандай ойлорду айтканы менен көп айтылган себептер белгилүү болду.

Таластыктар санап берген себептер:

— Элибиз байыртадан Манас атабыз колдойт деп, «Манас Ордого» түлөө өткөрүп келишкен. Бүгүнкү күндө да элибизди Манас атабыз колдоп жатат;

— Экинчи себеп – ысык шорпону сүйгөн элбиз. Бешбармак, чучук, казы-карта жеп, иммунитетибиз күчтүү;

— Дезинфекция иштери илдет башталды деген биринчи күндөн тартып эле тынымсыз жүрүүдө. Карантиндик посттордо көзөмөл катуу жүрүп, кирген жана чыккан ар бир адам текшерүүдөн өтүп жатат;

— Умрага баргандардын арасында Таластан баргандар аз болгон;

— Убагында посттор жабылып, элдин коопсуздугун камсыздашты;

— Тоонун койнундабыз, токой жаныбызда;

— Талас башка облустарга караганда деңиз деңгээлинен бийигирээк жайгашкан. Бул дагы кандайдыр бир таасир бериши мүмкүн.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 419 адамга жетти. Жалпы 5 адам каза болуп, 67 адам айыгып чыкты.

Булак: Турмуш кж

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *