COVID-19 дун экинчи толкуну качан болоору айтылды

Бишкек, 13.04.2020. Sokol.mediа 

 2020-жылдын ноябрь айында COVID-19 дун экинчи толкуну болот. Бул тууралуу Шанхайдагы “Хуашань” жугуштуу оорулар ооруканасынын директору, Кытайдагы  COVID-19 боюнча эксперттик группанын башчысы Чжан Вэньхундун сөзүнө таянып CNN жазды.

“Биз корнавирустун экинчи этабы ноябрь айларында болот деп күтүүдөбүз”,- деген даарыгер.

Анын айтымында жай мезгилинде коронавирус токтоп калбайт. Себеби жаңы өлкөлөрдөн чыгышы мүмкүн.

Жалпысынан, эпидемиянын экинчи толкуну азыраак зыян келтирет, бирок Африканын жана Түштүк Американын айрым штаттарында медицинанын өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу өтө оор болот.

Акыркы маалыматтарга караганда дүйнө жүзү боюнча 1,9 млн адам коронавирус жуктурса, 114 миң адам каза тапкан.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *