Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирустан каза болду

Бишкек, 10.04.2020. Sokol.mediа 

Пакистанда Кыргызстандын 73 жаштагы жараны коронавирустан көз жумганын 10-апрелде Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Министрликтин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаевдин  билдиргени боюнча, маркум Райвинд шаарынан 60 чакырым аралыктагы Кала провинциясында карантинде турган.

Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жаран коронавирустан өлгөнүн жергиликтүү «The News» басылмасы 9-апрелде жазган. Анда маркум «Таблиги жамааттын» мүчөсү болгону белгиленген. Басылма ошондой эле кыргызстандык жаран диабет менен жабыркап жүргөнү аныкталганын, 1-апрелде карантинден ооруканага которулганын да жазган.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясын жугузган 31 кыргызстандык бар экенин 9-апрелде кабарлаган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *