Кыргызстанда 1 адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 5 адамга жетти

Бишкек, 10.04.2020. Sokol.mediа
Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадемин Каратаев онлайн-брифингде билдирди.
Мааламатка караганда, ал 87 жашта болгон. Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду.