Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү

Бишкек, 10.04.2020. Sokol.mediа
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош ш., Жалал-Абад ш., Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди.
Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометрлер Ош ш. жана Ош облусуна берилди, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даана берилди.