Казакстанда коронавирус жуктурган аял дени сак ымыркай төрөгөн

Бишкек, 10.04.2020. Sokol.mediа 

 Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда кечээ, 9-апрелде коронавирус жуктурган аял дени сак ымыркай төрөгөн.  Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ымыркайдан алынган тесттин жыйынтыгында анда инфекция жок экени аныктаган.
Эске салсак, буга чейин аталган  өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Кызыл-Ордодо дарыгерлер коронавирус аныкталган келиндин төрөтүн кабыл алышканын маалымдаган эле. Кош бойлуу келин провизордук төрөтканага 8-апрелде түшкөн. Анда сасык тумоонун белгилери байкалып,  дене табы 38,1 градуска жетип, коронавирус аныкталган.

Ошого карабастан, төрөт ийгиликтүү болуп,  ымыркай кислород менен дем алдыруучу атайын жерге жаткырылып, энеси жугуштуу оорулар стационарына которулган.

Учурда Казакстанда коронавирус жуктургандар 800 адамдан ашып, алардын ичинен 9 бейтап көз жумду. Ошондой эле 61 адам бул илдеттен айыгып чыккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *