Кыргызстанда ооруган 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда

Бишкек, 09.04.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова
Кыргызстанда стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Ооруга чалдыккандардын жаш-курагы:
15 жашка чейинкилер – 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе
16 жаштан 19 жашка чейин – 11
20 жаштан 35 жашка чейин – 71
35 жаштан 55 жашка чейин – 101
55 жаштан улуулар – 67
Эске салсак, бүгүн 9-апрелде Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын экөө медкызматкерлери. Жалпысынан ооругандардын саны 280 адамга жетти. Алардын ичинен айыгып чыккандары да бар. Ошондой эле ооруну жуктурган медкызматкерлердин саны 34 адамды түздү.