«Бекер отурганча бекер иште» деген ураандын астында бекер бет каптар таратылууда

Бишкек, 09.04.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

Беткаптарды бекер тигип тараткан «Бекер отурганча бекер иште» деген ураандын астында иштеген айылдык ден-соолук комитеттери Кыргызстандын аймактарында COVID-19 алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

АДК боюнча:

АДК айылдыктардын коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес жана ыктыярдуу бирикмеси. АДКда иштөө ыктыярдуулук принциптерине негизделген. Азыркы учурда республикада 1570дөн ашык АДК иштеп жатат. АДКнын негизги иши ден-соолукка таасир тийгизүүчү факторлорду контролдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана айыл тургундарынын социалдык абалын жакшыртууга багытталган. АДК жергиликтүү жамаат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Дуйнө жүзүн дурбөлөӊгө салган коронавирус оорусу Кыргызстанга дагы келип жеткен бери айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) ыктыярчылары Кыргызстан Айылдык Ден Соолук Комитеттери Ассоциациясынын (КАДК) колдоосу менен, жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органдар, жаштар уюм менен биргеликте өлкөбүздүн бардык аймактарында коронавируса COVID-19 оорунун алдын боюнча 2020-жылдын 23-мартынан тартып ушул убакка чейин көптөгөн иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

АДКнын ыктыярчылары жеке коргонуу шаймандарынын катарына кирген азыркы учурда эӊ керектүү болгон бет каптарды бекер тигип, гигиеналык коргоо каражаттарды,самын  ж.б.у.с  нерселерди  айылдагы эӊ биринчиден аярлуу катмарларга жана айыл тургундарына таратып жатышат.

Андан тышкары айылдарда штабтар тузулуп, айылдык ден соолук комитеттеринин ыктыярчылары мучөсү болуп коронавирус оорусун алдын алуу боюнча калкка маалыматуулугун жогорулатууда.

Толук маалымат: Мукалиев Эдил, тел: 0555142892, mukaliev@kadk.kg

КАДКнын иш-чаралар боюнча толук маалымат: Венера Токтогонова, тел: 0772 867 657, toktogonova@kadk.kg

Вебсайт: www.kadk.kg 

Facebook: http://www.facebook.com/associationkadk

Instagram: https://instagram.com/association_kadk?igshid=6f8p5vcid4yl

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *