Аида Исмаилованын депутаттык мандаты алынды

 Бишкек, 09.04.2020. Sokol.mediа 

Башка ишке өткөнүнө байланыштуу «Республика — Ата Журт» партиясынын парламенттеги депутаты Аида Исмаилованын мандаты мөөнөтүнөн мурда алынды. Анын ордуна партиянын тизмесинде кийинки орунда турган Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Аида Исмаилова 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган. Депутаттык мандатын тапшырышы тууралуу Исмаилованын арызы Боршайкомго 4-апрель күнү берилген.

Конституциянын «Президенттик жана парламенттик шайлоолор» тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Шайлоо кодексине ылайык, аял депутаттын мандаты алынса, анын ордуна аял талапкер, эркек депутаттын мандаты алынса, анын ордуна эркек талапкер гана депутат болуп келе алат.

Булак: Азаттык

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *