Кыргызстандын 2719 жараны чет өлкөлөрдөн кайтып келишкен

Бишкек, 09.04.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

2719 Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөрдөн кайтып келишкен.

«Акыркы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 2719 жараны Кыргызстанга Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди. Бул үчүн чартердик каттамдар уюштурулган», — деп билдирди онлайн-брифингде  КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.
Алардын ичинен:
Россиядан – 1531,
БАЭден – 326,
Түркиядан – 197,
Сауд Аравиясынан – 285,
Индиядан – 176,
Египеттен – 131,
Таиланддан – 52,
Германиядан – 5,
Калгандары башка өлкөлөрдөн кайтарылды.

Анын айтмында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.

“Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар. Буга байланыштуу, белгилей кетсем, учурда көптөгөн өлкөлөрдө компетенттүү органдардын убактылуу чектөөлөрү иштеп жатат, мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес”, — деп кошумчалады Нуран Ниязалиев.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *