Ошто коменданттык сааттын талаптарын бузган судьяга кылмыш иши козголду

Бишкек, 06.04.2020. Sokol.mediа 

Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөргөнү үчүн Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын басма сөз борборунун кызматкери Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү кечинде Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Фактыны Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктап, судья комендаттык саат башталганга чейин кармалганын билдирди.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. ИИМдин маалыматына караганда, 25-марттан бери өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын талаптарын бузган 2038 адам кармалып, кайра коё берилген.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *