Министр жаңылып калган. Жалал-Абаддагы эмес Оштогу оорукана убактылуу жабылат

Бишкек, 06.04.2020. Sokol.mediа 

 Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери коронавируска кабылганына байланыштуу убактылуу жабылып, дезинфекциялана тургандыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Такта         кетсек, бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабыларын айткан эле.  Кийин министрликтин маалымат кызматы анын айтканын тууралап, такталган маалымат жиберген.

“Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияланууда. Жугуштуу оорулар менен жабыркап дарыланып жаткан балдардын баары Оштогу облустар аралык балдар ооруканасына которулат. Ошондой эле кошумча дагы КараСуу райондук балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, аталган оорукананын кызматкерлерине кандайча вирус жугуп калганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлмөкчү.
Эске салсак, өлкөдө 32 медиктин коронавируска чалдыккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *