Жээнбеков парламенттик демократияны бекемдөөгө убада берди

Бишкек, 07.04.2020. Sokol.mediа  

Президент апрель революциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө түркү болгонун айтып, мындан ары да парламенттик демократияны бекемдөөгө убада берди.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда билдирди. Жээнбековдун кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды.

«Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз», деп жазылат кайрылууда.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке каккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *