Кыргызстанда корнавирус жуктурганын жашырган жаран кармалды

Бишкек, 07.04.2020. Sokol.mediа
Кыргызстанда бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалган. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов билдирди.
«Аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, — деди комендант.