Кыргызстанда жалпы 19 дарыгер коронавирус жуктуруп алган

Бишкек, 07.04.2020 Sokol.media
«COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты», — деп билдирди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб 🔊
“Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, — деп билдирди саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.
Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.