Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга COVID-19 га карата долбоорго 12,15 млн АКШ долларын берет

Бишкек, 07.04.2020. Sokol.mediа
Дүйнөлүк Банк Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоорду ишке ашырууга 12,15 млн АКШ долларын бөлүп берет.
Мындан сырткары учурдагы долбоордон 9 млн АКШ доллары COVID-19 глобалдык пандемиясына байланыштуу тобокелчиликтерге даярдануу жана натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн күч-аракеттерин колдоого жумшалат.
“COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоордун максаты – өмүрлөрдү сактоо жана андан ары оорунун жайылышын болтурбоо”, — деп билдирет Болормаа Амгаабазар айым, Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы Кеңсесинин башчысы.
Мындан сырткары “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулугун жогорулатуу” аттуу учурдагы долбоорунан 9 млн АКШ доллары бөлүштүрүлөт. Дүйнөлүк Банк каржылап жаткан бул долбоордун алкагында өкмөткө чукул кырдаалдарда коротулбаган каражаттарды тез арада алууга өбөлгө түзгөн механизм бар.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилиги алдындагы COVID-19 жайылышын болтурбоо боюнча республикалык штаб жалпы улуттук жооп кайтаруучу чараларда, анын ичинде COVID-19 долбоору боюнча ишмердүүлүктү кошкондо, алдыңкы ролду ойнойт. Ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн бул долбоорлорду жүзөгө ашырууда Дүйнөлүк Банктын сатып алуулар жана каржыларды башкаруу боюнча процедуралары колдонулат.