Улуттук банк пандемиянын кесепеттерин азайтуу үчүн банктарга насыя берет

Бишкек, 06.04.2020. Sokol.mediа 

Улуттук банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн коммерциялык банктарга насыя берет.

Улуттук валюта менен бериле турган насыялардын пайыздык чени 5% түзөт. Банктар ал акчаны милдеттүү резервдик талаптарды, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин жана Улуттук банктын экономикалык же башка нормативдерин аткаруу үчүн колдоно алышат.

Ошол эле маалда бул каражатты валюта базарындагы операцияларга жана мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга колдонууга болбойт. Банктар каражатты 30-июнга чейин ала алышат.

Коронавирустан улам Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн мекеме-ишканалар токтоп турат.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 147ге жетти. Алардын тогузу айыгып, экөө каза болду.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *