Чыпалак баатыр: «Көк мээ» Илим Карыпбеков ушу баарына күнөөлүү

Бишкек, 06.04.2020. Sokol.mediа 

Чыпалак баатыр анын жолун тоскондугу үчүн КТРК нын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековду  жамандап, «көк мээ» ,деген оюн айткан.

Ал мындай пикирин өзүнүн инстаграмм баракчасына жарыялады. Өзгөртпөй беребиз.

“Салам Кыргызстан” шоу-проекти жана мен жөнүндө чоң интервью бериптир

Эми элдерим С.Мыкыев деле өзүн билгендерин гана козгоп айтыптыр, бирок көп чындыктын баары мен жакта, бир гана мен билемин демекчимин.

—-

Анда эмесе көңүл буруп окуп койгула э, мен силерге туура туура негизги чындык кандай болгонун айтып бермекчимин.

—-

Биринчиден С.Мыкыевдин мактанып мен жөнүндө сөз козгоп айткандары туура эмес демекчимин.

—-

С.Мыкыев интервьюда мынтип айтыптыр: ‘Чыпалак баатыр’ бизге чейин башка бир шоуго чыгыптыр, бирок эч элге буга чейин таанылган эмес болчу деп.

-Менин буга туура жообум мындай да: С.Мыкыев мен сен төрөлө электе ойгонуп козгонуп койгомун. Кой андай концерттиң ташта, мындан кийин андайларды кулагыма угузба, көзүмө көрсөтө көрбө демекчимин. Көрбөй билбей туруп эле анан антип шашып сүйлөп алба да. Бүт убагында 2009 жылдан баштап өзүм жакта айылдарга таанылып, акырындык менен Кара-Балта, Бишкек, Токмок шаарларына улам улам ары-бери маршрутка менен же жөө каттап отуруп көпчүлүк элдериме таанылгам. Тойлордо өзүм ойлоп тапкан өзгөчө өнөрлөрүмдү тарттуулап, ошондой эле 24кг,32кг дык гиря рекордторумду элдериме көрсөтүп жүрчүмүн. Ишенбесең бүт тамада ырчы коллега артистерден сурап билип алсаң болот демекчимин.

—-

Анан буга кошумча:

__Эгер мен ошол күнү КТРКда “Салам Кыргызстан” шоу программасына тартылбастан, күтпөстөн, жөн эле ошол күндөрдө бош болуп турганымда анын эртеси күнү(Зато)дароо Москвага учуп кетмекмин. Жетишип (уже) Якубовичтин алдында жыргап “Я могу” шоу проегине катышып, тим эле азыр мен (уже) дүйнө жүзүндө (номер-1) рекордсмен болуп таанылып жүрмөкмүн. Ушунун баарына эң чоң күнөлүү деп, ошол убакта бүт жакты (тормоз) кылган, менин жолум тороп тоскон, КТРКнын ген директору көк мээ Илим Карыпбеков ушу баарына күнөөлүү демекчимин. Интервьюда:С.Мыкыев туура айтты бул жөнүндө. 3 айлап, 4 айлап, күттүртүп. КТРКда калтырып жазган каттарымды убагында дароо дароо кабыл алышпай тоготпостон жүрүшкөн. Анын үстүнө тартылган сьемка видеомду да жашырып чыгарбай жүрүшкөн экен. Ошо жашырылган видеолордун арасынан менин сьемка видеомду сууруп чыгып монтаждап ачыкка чыгарган түшүнүктүү доско чоң рахмат демекчимин. Ишиңе ийгилик э, сендей таза иштеген адамдар көп боло берсин демекчимин.

Эң негизги чындыктын уландысын күткүлө”-деди ал

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *