Казакстанда 20 миңден ашуун окуучуга тапшырмаларды почточулар жеткирет

Бишкек, 03.04.2020. Sokol.mediа 

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги Интернеттин жардамы менен аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү жок алыскы айылдарга окуу материалдарын почточулар жеткирип берип турарын билдирди.

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги менен «Казпочта» компаниясы 3-апрелде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Министрлик бул кызмат үчүн ата-энелерден акча алынбай турганын, тапшырма жазылган кагаздар бардык санитардык нормаларды сактоо менен жеткирилерин белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда, 20 минден ашуун окуучу мектеп жана Интернети жок калктуу конуштарда жашайт.

Казакстанда коронавирус коркунучунан улам мектеп окуучулары бир жума эрте, 16-мартта жазгы каникулга таратылган. Төртүнчү чейрек 6-апрелде башталат. Буга чейин ата-энелер алыскы аймактарда Интернеттин ылдамдыгы жай экенин, айрымдары түйүнгө кошулушпаганын билдиришкен.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *