«Кабыл алынган чечимге ылайык, жыл аягына чейин алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы, ошондой эле бензинди, дизелди жана газды акыркы керектөөчүгө сатуудагы акциздик салык көлөмү жогорулатылбайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
«Өзбекстан Республикасынын 2020-жылга карата мамлекеттик бюджети тууралуу» мыйзамга ылайык, күйүүчү май менен газдын баасы быйыл 1-апрелде көтөрүлүшү керек болчу.
Өлкөдө акыркы жолу газдын, электр энергиясынын, муздак жана ысык суунун тарифи, ошондой эле коомдук транспорттогу жол кире акысы 2019-жылы 15-августта жогорулаган.