«Милиция кызматкери адамды тепти» деген маалыматтагы адам милиция эмес

Бишкек, 02.04.2020. Sokol.mediа  

Социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча төгүндөө.
Айрым маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда «Милиция кызматкери адамды тепти» аталышындагы видео тараган.
Аталган маалыматты төгүндөө жана толуктоолорду кигизүү максатында билдиребиз, жогорудагы видеодо адамды тепкен жаран милиция кызматкери эмес.
Текшерүү көрсөткөндөй, адамды тепкен жаран «Кудайберген» базарынын күзөт кызматынын кызматкери болгон.
Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалыматты тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Эскертебиз, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле, журналисттер дагы расмий жана текшерилген маалыматтарды чагылдырууну суранабыз.
Бишкек шаарынын комендатурасынын Басма сөз борбору

https://www.instagram.com/p/B-cMG1_HFTC/?utm_source=ig_web_copy_link
Конец переписки

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *