Өзбекстанда коронавирусту жугузган кишилердин саны 173кө жетти

Бишкек, 01.04.2020. Sokol.mediа  

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 173кө жетти. Бул тууралуу шаршембиде өлкөнүн башкы санитардык инспектору Нурмат Отабеков билдирди.

Учурда Ташкенттеги Вирусология илим-изилдөө институтунун клиникасында 92 киши дарыланууда, 21 бейтаптын өпкөсү сезгенген, бешөөнүн абалы оор. Калган бейтаптар аймактарда эмдөөдөн өтүүдө.

Бул арада министрлик Фергана облусундагы 59 жаштагы бейтаптын абалы өтө оор болуп жатканын билдирди. Умрадан келген бул жарандан вирус 24-мартта аныкталган.

Бейтап гипертония, астма менен жабыркап жүргөн. Учурда ал жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратка кошулду.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирустан 8 адам айыгып, экөө көз жумду.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *