Түп районунда белгисиз адамдар обсервациялык жайдын терезелерин сындырып кетишти (сүрөт)

Бишкек, 01.04.2020. Sokol.mediа  

Ысык-Көл облусунун Түп районунда обсервациялык жайдын терезелерин сындырып кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү turmush.kg басымасына билдиришкен.
Маалыматка караганда, буга чейин үй карантиндин эрежелерин сактабагандыгы үчүн Ысык-Көл (мурунку Маяк) айылынын тургундары милдеттүү түрдө обсервацияга алынган.

Белгисиз адамдар обочолонгон жайдын терезелерин сындырып кетишкен. Аталган факт боюнча милиция текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү терезени калыбына келтиришмекчи. Ал эми обсервациялык жайдын терезесин сындыргандарга карата чара көрүлөт.

Обочолонгон жай «Маяк» балдардын лагеринде жайгашкан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *