Кыргызстанда кыйын кырдаал болуп турганда Малабаев сыяктуу кадрларды тартыш керек

Бишкек, 01.04.2020. Sokol.mediа  

Бүгүн, Кыргызстан гана эмес, дүйнө эли коронавирус деген илдет менен күрөшүп жатат. Башка учурда саясий кызыкчылыктар, түрдүү атаандаштыктар болсо, бүгүн бир гана максат – ылаӊды жеӊүү. Бул багытта Кыргызстандын атуулдары жапа тырмак киришип салымын кошуп жатат.
Илдетти өлкө аймагындагы ынтымак гана эмес, кошуналар менен биргеликте дагы кызматташуу жолу менен жеӊүү абзел. Кырдаалга жараша, илдетти жеӊүү боюнча иш алып барууга атайын өкүлдөрдү тартуу учурдун талабы. Мисалы, алдыда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралат. Бул багытта Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүү зарыл. Күтүлүп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнү колго алуу мезгил талабы. Ага, атайын өкүл дайындалып, макам берилип, ишке салынышы керек. Мисалы, Арген Малабаев Казакстанда окуп, ал жакта билим алган. Анын чогуу окуган достору Казакстандын Өзбекстандын бийлигинде таасирдүү кызматтарда отурат. Өзбекстандын вице премьер-министри менен абдан жакын мамиледе. Ушул сыяктуу кадрлар азыр мамлекетке керек. Кырдалга жараша буларга укуктарды берип, азык-түлүк коопсуздугун чечүү милдеттерин жүктөш зарыл. Ал үчүн Малабаев айлык дагы сурабайт болуш керек, пайдасы тийчү кезде акысыз иштеп, өзүн көрсөтүп койсо, кийин эл унутпайт эле.
Аргынбек Малабаев өңдүү мурда жогорку кызматтарда иштеген мыкты кадрал көп. Азыр саясатты коё туруп, өлкөнүн келечеги үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен иштей турган мезгил.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

комментария 4

  1. Керим:

    Арген Малабаевге вице-премьер кызматын бериш керек. Эл учун кызмат кылып бере турган жигит

  2. Нуржамал:

    Ушундай иштей деген мыкты инсандарга укук берсек, колдосок… Дуйнолук коркунучтуу аппат учурда крезистен тез арада аарылып чыгат элек.

  3. Керим:

    Арген Малабаевди вице-премьерлик кызматка алып келуу керек. Элибизге кыйын мезгилде чон жардамы тийет.

  4. Гулайим:

    Арген Малабаев элибизге кызмат кыла турган жигиттерден. Элибизге чон кызматтарды аткарат. Элдин ишеничин актайт деп ойлойм

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *