АКШ ак үйү: COVID-19дан 100 миңден 250 миңге чейин америкалык өлүшү мүмкүн

Бишкек, 01.04.2020. Sokol.mediа  

Коронавирус пандемиясынан улам Кошмо Штаттарда 100 миңден 200 миңге чейин киши өлүшү мүмкүн. Өкмөттүк эксперттердин мындай божомолун шейшембиде Ак үй таратты.

Талдоо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу, мектептерди жана көптөгөн фирмаларды жабуу чараларын эске алуу менен даярдалган.

Трамптын администрациясы буга чейин ишенимдүү статистикалык маалыматтардын жетишсиздигинен улам мындай билдирүү жасоодон баш тартып келген. Адисттер вирус жуктургандардын саны көбөйө турганын белгилешүүдө.

Шейшемби күнү кечинде АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 174 миңден ашып, 3433 киши көз жумду. Дональд Трамп брифинг учурунда: «Алдыда азаптуу дагы эки апта бар» деген. Ал карантин чараларына баш ийүү зарыл экенин билдирип, өзгөчө кырдаал режимин дагы бир айга узарткан.

Америкалык басылмалар милдеттүү түрдө беткап кийүү зарылдыгы боюнча Ак үйдө талкуу жүрүп жатканын жазышууда. Азырынча адистер дени сак адамдар үчүн беткаптын кереги жок экенин айтышууда. Ошол эле маалда айрым кишилерде коронавирустун белгилери байкалбай турганы жөнүндө да маалыматтар бар.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *