Анын айтымында, өлкөдө карантин жарыяланып, ири шаарларда жана бир катар облустарда жеке автоунаа менен жүрүүгө тыюу салынгандыктан, ооруканага баруунун мындан башка жолу жок.
«Жалгыз гана жолу — дарыгерди үйгө чакыруу. Ал сиздин саламаттыгыңызды текшерип, зарыл болсо тез жардам унаасы менен ооруканага алып барат», — деди Отабеков.
Ал ошондой эле коронавируска каршы күрөшүүгө жардам бергиси келген медиктер резервдик дарыгерлердин тизмесине жазылса болорун, медциналык команда ар 14 күн сайын алмашып жаткандыктан, жаңы кадрлар зарыл экенин кошумчалады.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 158ге жетти.