Ысык-Көл облусунда каникул учурунда 5 өспүрүм өз жанын кыйган

Бишкек, 31.03.2020. Sokol.mediа
Ысык-Көл облусунда 5 өспүрүм өз жанын кыйгандыгы тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова “Турмуш” басылмасына билдирген.
Анын айтымында, 16-марттан тарта окуучулар карантинге байланыштуу каникулга таратылган. 29-мартка чейинки убакыт аралыгында 5 өспүрүм суицидке барган.
“Өз жанын кыйган өспүрүмдөр 11-14ке чейинки жашта. Мындай каргашалуу окуялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталды. Балдар 24 саат бою ата-энесинин көзөмөлүндө. Азыр алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылып турган мезгил. Бардык ата-энелерди карманууга, балдарды урушпоого чакырат элем. Ушундай кырдаалда балдардан айрылуу өтө кейиштүү болуп турат”, -деди Усенова.
Булак: Турмуш кж