Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек, 31.03.2020. Sokol.mediа  

Коронавирус илдетин алдын алуу жана элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүүнү талап кылууда.
Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз.
Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *