Мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагы жарыяланды

Бишкек, 31.03.2020. Sokol.mediа  

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер арасында “Санариптик педагогика” республикалык сынагын жарыялады.
✔️ Конкурстун максаты – учурдагы мыкты педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана популяризациялоо, педагогдордун бирдиктүү маалыматтык-билим берүү аймагындагы маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу.
Конкурска менчигинин формасына, тибине жана ведомстволук таандуулугуна карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери катыша алат.
✔️ Ар бир конкурсант, программага жана жадыбалга ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, 5тен кем эмес видео сабак бериши шарт.
✔️ Байгелүү орундар үчүн акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун – 50 миң сом, 2-орун – 40 миң сом, 3-орун – 30 миң сом. Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *