Боронов: Учурдагы кырдаал калктын басымдуу бөлүгүнүн акчасынын акырындык менен азайышына алып келет

Бишкек, 30.03.2020 Sokol.media

«Учурдагы кырдаал калктын басымдуу бөлүгүнүн акчасынын акырындык менен азайышына алып келет»,-деди бүгүнкү онлайн-конференцияда Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов.

Ошондой эле ал «Азыр биз аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берүүнүн алгоритмин иштеп жатабыз. Бул жардам адамдын организминин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон азык-түлүктөрдөн турат. Жардам көрсөтүүнүн мындай механизми Бишкек жана Ош шаарларында сынамык катары колдонулат. Ийгиликтүү апробация болгон шартта, механизм ыкчам тартипте жалпы республикага жайылтылат. Муктаждарга бөлүштүрүү үчүн 5 миң тонна ун кароо бөлүү чечими кабыл алынды. Муну менен катар кошумча дагы 5 миң тонна ун бөлүнөт», -деп кошумчалады.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *