Даниэль Ажиев 2 айга камакка алынды

Бишкек, 28.03.2020 Sokol.media
Даниел Ажиев 2 айга камакка алынгандыгы кабарданды.
Интернетте сөгүнүп сүйлөгөнү үчүн милиция кызматкерлери тарабынан 48 саатка кармалган Даниел Ажиев 2 айга камакка алынды.
Маалыматка таянсак, анын башкоргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды.
Д. Ажиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот Ажиевди күнөөлүү деп тапса, 5 жылдан 7,6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.