Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат

Бишкек, 27.03.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка таянсак,  анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $80,6 млн Тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана $40,3 млн Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилди.
Ошондой эле  Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган. Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет.

Жана дагы, бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *