Даниэль Ажиев ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек, 27.03.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда Даниэль Ажиев аттуу жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нараазычылыктарды жараткан.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирет, 2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталгандыгы айтылды.
Эске салсак, Даниэль Ажиев Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө 7 млн сом берем деп жана жетишпеген үй-бүлөлөргө ун берип жардам кылган. Анын мындай ишин айрымдары мактаса, кээ бирлери арам жол менен акча тапкан дешкен. Көп өтпөй социалдык тармактарда анын кыргыз элин сөккөн видеосу таркаган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *