АКШ Сенаты коронавируска каршы күрөшүүгө эки триллион доллар бөлүү программасын жактырды

Бишкек, 27.03.2020. Sokol.mediа  

АКШ Конгрессинин Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге жана саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү үчүн 2,2 триллион доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

Ага ылайык, жылына 75 миң доллардан аз киреше тапкан ар бир бойго жеткен америкалык жаранга 1200 доллардан, ар бир балага 500 доллардан берилет. Документте каралган жалпы каражат АКШнын 2020-жылга бөлгөн бюджетинен ($1,4 трлн) кыйла көп.

Эми мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасы жактырып, президент Дональд Трамп кол коюшу керек.

Бул Кошмо Штаттарда COVID-19 менен күрөшүүгө каршы кабыл алынган үчүнчү мыйзам долбоору. Буга чейин Конгресс эпидемияга каршы күрөшкө жана вакцинаны ойлоп табууга 8,3 миллиард доллар бөлгөн. Ошондой эле коронавирустан улам аргасыз эс алууга кеткендерге көмөк көрсөтүү максатында 100 миллиард доллар каралган.

Акыркы маалыматтар боюнча АКШда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 85 миңден ашып, 1 300гө жакын киши каза болду.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *