Коронавирус алгач кимден тараганы белгилүү болду

Бишкек, 26.03.2020. Sokol.mediа  Бегимай Керимова

 Дүйнөнү каптап, элдин баарын дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинин башаты креветка саткан айымдан башталгандыгы маалым болду.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Вей аттуу айым Кытайдын Ухань шаарындагы “Хуанань” базарында тирүү креветка сатып соода кылып келген. 2019-жылдын 11-декабрында ал аялдын дене табы көтөрүлүп, бейтапканага кайрылган. Бирок ал жактан ийне сайып даарылашканына карабай кайра эле айымдын дене табы көтөрүлө берген.

16-декабрь күнү аял Хуачжун илим жана технология университетинин Сехэ ооруканасына барган. Изилденип отуруп, Вей “Хуанань” базарындагы алгачкы коронавирус жуктурган адам экенин аныкталган.

Бирок, ошого карабастан окумуштуулар азыркы учурга чейин вирус жандыктан адамга кантип жуккандыгын аныкташа элек.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *